Кыргызстан Улуттук адаптациялык планды бекитүүгө даярданууда
21 октябрь

Кыргызстан Улуттук адаптациялык планды бекитүүгө даярданууда

Бишкекте 17-октябрда климаттын өзгөрүшү маселелери боюнча мекемелер аралык жумушчу топтун кеңейтилген жыйыны өттү. Бул тууралуу БУУӨПтөн кабарлашты. 

Иш-чара БУУӨП-ЗКФнын «Кыргыз Республикасында климаттын өзгөрүшүнө адаптациялык чараларды орто жана узак мөөнөттүү пландаштыруу жана ишке ашыруу үчүн Улуттук адаптациялык планды (УАП) иштеп чыгуу процессин илгерилетүү» долбоорунун алкагында уюштурулду. Жыйындын алкагында долбоордун негизги жыйынтыктары талкууланып, сектордук жана аймактык адаптациялык пландарды бирдиктүү УАПка бириктирүү боюнча талкуу жүргүзүлдү.

УАП – климаттын өзгөрүшүнө туруктуулукту жогорулатууга жана коом менен экосистеманын климаттык аялуу коркунучтарын азайтууга багытталган стратегиялык документ.

Анын кабыл алынышы негизги аялуу секторлордо адаптациялык чараларды системалуу түрдө киргизүүгө жана эл аралык каржылоону тартууга шарт түзөт. Бул калктын саламаттыгын коргоого, табигый ресурстарды сактоого, шаарларды өнүктүрүүгө жана азык-түлүк менен энергетикалык коопсуздукту жакшыртууга көмөк көрсөтөт.

Иш-чаранын катышуучулары климаттык статистика жана маалыматтар, климаттык каржылоо, климаттын өзгөрүшүнө адаптация боюнча нормативдик-укуктук базаны иштеп чыгуу боюнча долбоордун негизги жыйынтыктарын талкуулашты.

Мындан тышкары, саламаттык сактоо, айыл чарба, биоартүрдүүлүк, өзгөчө кырдаалдардын тобокелдиктерин башкаруу, шаарларды өнүктүрүү жана энергетика сыяктуу секторлордун климаттык коркунучтары жана аялуулугун талдоо жыйынтыктары сунушталып, талкууланды.

Ушул маалыматтардын негизинде өзгөрүүлөрдүн кесепеттери бааланып, бирдиктүү УАПты консолидациялоо боюнча кийинки кадамдар үчүн сунуштар даярдалды.