Кыргызстанда “Таза аба” бир айлыгы жарыяланды
Кыргызстанда “Таза аба” бир айлыгы жарыяланды. Кампания 7-сентябрдан 7-октябрга чейин уланат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Бир айлык 7-сентябрь “Көк асман үчүн таза аба эл аралык күнүнө” жана 16-сентябрь “Озон катмарын коргоонун эл аралык күнүнө” карата жарыяланган.
Аталган акциянын алкагында министрлик "Мувгрин" коомдук бирикмеси менен биргеликте "Дем Ал "фестивалын уюштурду.
Иш-чарага экологиялык активистер, мамлекеттик органдардын кызматкерлери жана Бишкек шаарынын тургундары катышты.
Фестиваль искусствону, экологиялык билимди жана коомчулуктун катышуусун бириктирип, шаардыктарга таза абанын мааниси жөнүндө ой жүгүртүүгө, жашыл жашоо үчүн жаңы көндүмдөрдү жана идеяларды алууга жана бардыгы үчүн жакшы келечекти түзүү үчүн күчтөрдү бириктирүүгө мүмкүнчүлүк берди.