Абанын булганышы. Ош мэриясы комплекстүү экологиялык анализ жүргүзүүгө кызыкдар
Ош мэриясы
3 июнь

Абанын булганышы. Ош мэриясы комплекстүү экологиялык анализ жүргүзүүгө кызыкдар

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев бүгүн, 3-июнда БУУнун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) Кыргызстандагы өкүлдөрү жана Россия Федерациясынын мониторинг миссиясынын делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Тараптар Ош шаарында ишке ашырылып жаткан долбоорлорду талкуулап, андан аркы кызматташуунун келечегин карашты.

Мэр өз сөзүндө Ош шаары үчүн абанын булганышы, жашылдандыруу, суу ресурстарын сактоо маселелери актуалдуу экенин белгилеп, комплекстүү экологиялык анализ жүргүзүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ачык-айкындуулугун жогорулатуу, санариптик башкаруу куралдарын киргизүү, аялдар менен балдардын укуктарын коргоо, шаардын коопсуздугун камсыздоо жана инвестициялык потенциалды өнүктүрүү боюнча эл аралык тажрыйбаны колдонууга даяр экенин айтты.

Жолугушууга БУУӨП тараптан Туруктуу өкүл А.Е. Соловьева жана РФ ТИМдин өкүлү Г.В. Устинов баштаган делегация катышты.