Шаарларда жол четинде көлөкө берүүчү, а айылдарда мөмө берүүчү дарактар отургузулат
Кыргызстанда бак-дарактар көбөйтүлөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Өсүмдүк өстүрүү, багбанчылык жана кооперация башкармалыгынын башчысы Турат Идирисов билдирди.
Ал белгилегендей, акыркы учурда бак-дарактар көп кыйылып кеткендиктен, экологияны сактоо максатында жаңы көчөттөрдү тигүү пландалып жатат.
“Биз ар бир кылган ишибизди пландап кылабыз. Экологияны коргош үчүн, абаны тазалаш үчүн жол четтерине бак-дарактарды тигели деп жатабыз. Шаарларда көп жылдык дарактарды, ал эми айыл жерлеринде мөмө берүүчү дарактарды отургузабыз. Мисалы, Өзбекстанга баргандар билет, аларда жол четинде жүзүм бактары отурузулган. А биз өзүбүзгө карап, мөмө дарактарын тигели деп чечтик”, – деди ал.
Ошондой эле, ал жайыттарды туура пайдалануу, сактоо максатында асыл тукум малдарды көбөйтүү чаралары каралып жатканын кошумчалады. Айтымында, асыл тукум мал мисалы, бир асыл тукум уй 3 кадимки уйдун ордун алмаштырат. Ошондо, жайыт аз пайдаланылат жана сүт, эт азыктары көп алынат.
