Кыргызстан органикалык жер семирткичтерге өтөт
Кыргызстан органикалык жер семирткичтерге өтөт, деп билдирет Суу ресурстары министрлиги.
Маалыматка ылайык, учурда Кыргызстан минералдык жер семирткичтерге дээрлик толугу менен көз каранды.
Суу ресурстары министрлиги артыкчылыктуу багыт — минералдык жер семирткичтерди колдонууну көбөйтүү эмес, органикалык айыл чарбасына өтүү болуп эсептелерин белгилейт.
Мындай кадам айыл чарбасын туруктуу өнүктүрүүгө багытталган стратегиянын алкагында ишке ашырылууда.
Органикалык жер семирткичтер айлана-чөйрө үчүн коопсуз жана зыянсыз болуп эсептелет, ошол эле учурда топурактын түшүмдүүлүгүн калыбына келтирүүгө, продукциянын сапатын жогорулатууга жана калктын ден соолугуна оң таасир тийгизет.
Бул өзгөчө маанилүү, анткени Кыргызстандын калкынын олуттуу бөлүгү айыл чарбасынан киреше табат. Алдыдагы жылдары министрлик минералдык жер семирткичтердин импортунун көөлөмүн акырындык менен кыскартып, органикалык жер семирткичтерди жергиликтүү деңгээлде өндүрүүнү өнүктүрүүнү жана дыйкандарды экологиялык жактан таза дыйканчылыкка өтүүгө үндөөнү көздөөдө.
«Биздин максат – болгону импортту азайтуу эмес, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылган жана экспорттук мүмкүнчүлүктү кеңейтүүчү экологиялык жактан таза, туруктуу айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү».
Органикалык жер семирткичтерге өтүү — бул жаратылышты сактаган, элдин ден соолугун коргогон, келечекке багытталган мамлекеттик саясаттын маанилүү кадамы.
