Кара-Дарыя жээгиндеги таштанды боюнча мыйзам бузуу аныкталып, чара көрүлдү
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан С. Атабеков айыл өкмөтүндө контролдук текшерүү жүргүзүлдү.
Текшерүү учурунда мурда жүргүзүлгөн пландуу текшерүүнүн жыйынтыгы менен берилген эскертүүлөрдүн 1-пункту аткарылбагандыгы аныкталды. Тактап айтканда, Жийде айылынын Жаңы Жер участкасындагы Кара-Дарыя сайынын жээгине иретсиз төгүлгөн турмуш-тиричилик катуу калдыктарын тазалоо иштери жүргүзүлбөгөн.
Бул мыйзам бузуу фактысы боюнча Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 434-беренесине ылайык С. Атабеков айыл өкмөтүнө 13 000 (он үч миң) сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Ошону менен бирге, текшерүүнүн жүрүшүндө айыл өкмөтүнүн кызматкерлери тарабынан жеринде таштандыларды тазалоо иштери жүргүзүлүп, тиешелүү аймак иретке келтирилди.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын экологиялык талаптарды жана санитардык эрежелерди так сактоого чакырат. Айлана-чөйрөнү коргоо багытындагы контролдук иштер мындан ары да улантылмакчы.
