
Кайра жаралуучу энергия булактары боюнча үч инвестициялык долбоорлорду каржылоо жактырылды
Кайра жаралуучу энергия булактары боюнча үч инвестициялык долбоорлорду каржылоо жактырылды. Анын жалпу суммасы 80 млн. АКШ долларынан ашат. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, экономика жана коммерция министри, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун (РКӨФ) кеңешинин мүчөсү Данияр Амангельдиев РКӨФ кеңешинин 19-жыйынына катышты.
Жыйындын жүрүшүндө 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча отчет бекитилип, фонддун иши ийгиликтүү деп табылды.
Жыйында кабыл алынган маанилүү чечимдердин бири кайра жаралуучу энергия булактары боюнча үч инвестициялык долбоорду 80 млн. АКШ долларынан ашык суммада каржылоо болду, бул Фонддун экологиялык таза жана туруктуу демилгелерди колдоого болгон умтулуусун баса белгилейт.
Мындан тышкары, жыйында долбоорлорду кароону жана каржылоону жакшыртуу максатында фонддун Инвестициялык саясатына өзгөртүүлөр киргизилди, бул келечекте инвестициялык долбоорлор менен иштөө натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.
Бул чечим туруктуу энергетиканы өнүктүрүүгө стратегиялык багытты жана Кыргызстанда экологиялык таза технологияларга өтүүнү колдойт.