Бишкекте органикалык продукциялардын көргөзмө-жарманкеси өтөт
18 сентябрь

Бишкекте органикалык продукциялардын көргөзмө-жарманкеси өтөт

Бишкекте органикалык продукциялардын көргөзмө-жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Борбор Азия аймагында Кыргызстанда биринчи жолу "Органикалык Экспо – Борбордук Азия" аймактык форуму өтүп, анын алкагында 20-22-сентябрда Бишкекте Борбор Азия өлкөлөрүнүн өндүрүүчүлөрүнүн органикалык продукцияларынын жана технологияларынын көргөзмө-жарманкеси өтөт.

Көргөзмө-жарманкеге коопсуз жол менен өстүрүлгөн продукциялар: жашылчалар, жемиштер (өрүк, алма, алмурут ж.б.), кургатылган жемиштер жана жаңгактар, ширелер, кыямдар, консервалар жана пасталар, дары чөптөр, чайлар, бал жана аары продуктылары жана башкалар коюлат.

Ошондой эле көргөзмө-жарманкенин алкагында экологиялык жактан таза продукцияларды өндүрүү жана дегустациялоо боюнча мастер-класстар өткөрүлөт.

Белгилей кетсек, форумду өткөрүү Айыл чарба министрлиги тарабынан демилгеленген жана ал органикалык айыл чарбаны системалуу түрдө илгерилетүү жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн агроөнөр жай комплексин туруктуу өнүктүрүүгө жетишүүнүн тарапкерлерин бириктирген масштабдуу иш-чара болуп саналат.