Бишкекте көмүр саткандарга карата  рейд өткөрүлдү
12 сентябрь

Бишкекте көмүр саткандарга карата рейд өткөрүлдү

Бишкекте көмүр саткандарга карата  рейд өткөрүлдү, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы. 

Маалыматка ылайык, муниципалдык инспекциянын башчысы Медербек Амангелдиев инспекторлор менен биргеликте көмүр саткандарга карата  тазалыкты жана тартипти сактоо боюнча мурда берилген көрсөтмөлөрдүн аткарылышын көзөмөлдөө үчүн объектилерди кайрадан текшерип чыкты.

Текшерүүнүн жүрүшүндө берилген көрсөтмөнү аткарбаган көмүр сатуучуларга протокол түзүлдү.

Кыргыз Республикасынын "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 434-беренесинин 1-бөлүгү боюнча жеке ишкер Ж.Н.А. карата 13 000 сомго протокол түзүлгөн.

Экинчи эреже бузуучуга Кыргыз Республикасынын  "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 114-беренесине ылайык протокол түзүлгөн.

Салынган айып пулдун суммасы 3 000 сом.

Айып пул салуудан тышкары аларга  тазалыкты жана тартипти сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп,  эскертүү берилди.

Эске салсак, шаар боюнча жалпысынан 38 көмүр сатуу түйүнү бар.

Белгилей кетсек, иштеп жаткан ар бир пункт Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелерин сактоого тийиш.