Кыргызстан менен Кытай чыгармачыл жамааттардын гастролдорун өткөрүүнү талкуулашты
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзянпин менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты.
Тараптардын жолугушуусу бүгүн 26-мартта Улуттук тарых музейинде өттү.
Министр элчини жаңы кызматка дайындалышы менен куттуктап, Кыргыз-Кытай маданий, маалыматтык жана жаштар саясаты боюнча кызматташтыктын дагы да бекемделишине ишенимин билдирди.
Ал ошондой эле Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы маданий демилгелерге болгон колдоосун белгилеп, гуманитардык тармактагы активдүү кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирди.
Өз кезегинде, элчи Лю Цзянпин министрди жаңы кызматка дайындалышы менен куттуктап, эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты мындан ары дагы жакшыртууга даярдыгын билдирди. Ал кыргыз тарапты Кытайда өтө турган бир катар ири маданий иш-чараларга катышууга чакырды.
Тараптар маданий мурасты сактоо, маалыматтык коопсуздукту камсыздоо, жаштар программаларын уюштуруу, чыгармачыл жамааттардын гастролдорун өткөрүү жана башка биргелешкен долбоорлор боюнча кызматташтыкты күчөтүү боюнча өз ара тилектештигин билдиришти.
Жолугушуу түшүнүшүү жана кызматташуу маанайда өттү, тараптар эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүгө жана жаңы маданий демилгелерди ишке ашырууга даярдыктарын билдирди.
