Ошто түрк дүйнөсүнүн жаш акындарынын поэзия фестивалы өтөт
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев бүгүн, 26-мартта ТҮРКСОЙ уюмунун башкы катчысы Султан Раевди кабыл алды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Жолугушууда Ош шаарында кыргыздын залкар акыны Жолон Мамытовдун 85 жылдык мааракесине карата биринчи түрк дүйнөсүнүн жаш акындарынын поэзия фестивалын өткөрүү тууралуу сүйлөшүлдү.
Иш-чара Түрксой эл аралык уюму тарабынан Ош шаарынын мэриясынын колдоосу менен үстүбүздөгү жылдын 28-30-майында өткөрүү пландалган.
Шаар башчысы Ош шаарында өтүүчү фестивалды уюштурууда ар тараптуу колдоо көрсөтүлөрүн билдирди.
Фестивалга Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан, Түркия, Түркмөнстан жана Кыргызстандын жаш акындары катышат.
Иш-чара Ош шаарынын маданий брендин жайылтуу жана түрк тилдүү өлкөлөрдөн келген коноктор үчүн маданияттар аралык дараметин жогорулатуу максатын көздөйт.
