ЖК төрагасы Санкт-Петербургда Улуу Ата Мекендик согуштун курмандыктарын эскерди
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу бүгүн, 18-апрелде Россиядагы иш сапарынын алкагында Санкт-Петербург шаарындагы «Мекен – эне» монументине гүлчамбар коюу аземине катышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Төрага Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн парламенттеринин жетекчилери менен бирге Улуу Ата Мекендик согуштун курмандыктарын эскерип, Ленинград шаарын коргоого катышкан кыргызстандык жоокерлерге арналган эскерүү тактасына да гүл койду.
Кошумчалай кетсек, бүгүн Санкт-Петербург шаарындагы Таврия сарайында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) 58-пленардык жыйыны өтөт.
Жыйындын алкагында уюмга мүчө мамлекеттердин парламенттер аралык байланышына тиешелүү маселелер талкууланары күтүлүүдө.
