Бишкекте "Эрдик эскирбейт" аттуу китеп фестивалы өтөт
18 апрель

Бишкекте "Эрдик эскирбейт" аттуу китеп фестивалы өтөт

Бишкекте "Эрдик эскирбейт" аттуу китеп фестивалы өтөт, деп билдирет Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы. 

Иш-чара 23-апрелде саат 11:00дө Курманжан Датканын эстелигинин жанында башталып, бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө жана Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналмакчы.

Фестиваль - окууну, жаратмандыкты, шыктанууну жана билими менен бөлүшүүнү сүйгөндөр үчүн чоң майрам.

  • Иш-чаранын программасы:
  • Басмаканалардын, китеп дүкөндөрүнүн жана авторлордун катышуусунда китеп жарманкеси;
  • Китеп искусствосу” улуттук сынактын жыйынтыгы;
  • Балдар үчүн мастер-класстар, интерактивдүү аянтчалар жана байгелүү оюндар;
  • Авторлор менен жеринде баарлашуу жана китептерди түздөн-түз сатып алуу мүмкүнчүлүгү;
  • Кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерттик менен коштолот.

Окуу — бул билимдин күчү, руханий тарбиянын булагы жана өнүккөн коомдун пайдубалы.