Нуркан Койчуманова, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер: «Никап кийгендерге түшүндүрүү иштерин укук коргоо органдары казыяттын өкүлдөрү менен бирдикте жүргүзүшү керек»
– Нуркан эже, коомдук жайларда никаб кийгендерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлө баштады. Мамлекеттин коопсуздугу үчүн паранжы, никап кийгендерге көзөмөл күчөгөнү туура эле болдубу?
– Мамлекеттин коопсуздугу үчүн диний экстремизге каршы көзөмөл сөзсүз керек. Ал эми никап кийип жүргөн аялдарга карата түшүндүрүү иштерин укук коргоо органдары казыяттын өкүлдөрү менен бирдикте жүргүзүшү керек. Анткени, ошол аялдардын күйөөлөрү мечитке барышат, аларга ошол жактан айтып, дин саясатына тиешелүү мыйзамдар жөнүндө түшүндүрүү керек. Бул маселеде казыяттын чечимдери өтүмдүү болот. Ал эми көчөдөн никапчан аялдарды кармап алып, милиция кызматкерлеринин жүргүзүп жаткан иштери , кайра абалды курчутуп , түшүнбөстүктүн айынан ич ара тирешүүнү пайда кылышы мүмкүн.
– Жүзүн жапкандарга мыйзам чыгаргандар жамбашын көрсөтүп жүргөндөргө да тыюу салган мыйзам чыгарсын деген пикирлер айтыла башташты. Бул боюнча кандай ойдосуз?
– Бул аракеттер биринчи кезекте өлкөнүн ички коопсуздугу, элдин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн зарыл чаралардын бири болуп эсептелет. Анткени, деструктивдүү күчтөр жүздөрүн жаап алышып, ар кандай элдин тынчтыгына, коопсуздукка шек келтирген иш-аракеттерди жасашы мүмкүн.
Кандайдыр бир деңгээлде айтылып жаткан сөздөр да бир жагынан туура! Мамлекетибиз үчүн жат көрүнүшкө каршы жүрүш-туруш, кийинүү маданиятына мыйзам кабыл алуу учурдун талабы болуп калды окшойт. Антпесе батышты туурап , чектен ашып бараткандар да бар. Анын далили катары аялдардын кийимин кийген гейлердин парады деле болуп өттү го.
