Депутат Сагынаев Караколдогу орус империясынан калган тарыхый-архитектуралык имараттар жеке менчикке өтүп жатканын айтты
22 апрель

Депутат Сагынаев Караколдогу орус империясынан калган тарыхый-архитектуралык имараттар жеке менчикке өтүп жатканын айтты

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Болот Сагынаев жакында депутаттар Каракол шаарына иш сапары менен барышканын билдирди. 

Айтымында, аталган шаардагы орус империясы доорунда курулган имараттар талаптагылай коргоого алынган эмес жана ал тургай айрымдары жеке менчикке өтүп кеткен. 

“Каракол шаарындагы тарыхый-архитектуралык мурастар жалпы өлкөнүн мурасы. Аны сактоого системалуу чараларды көрүү керек. Мисалы, тарыхый объектилерге толук инвентаризациялоо жүргүзүү, расмий статус берүү жана мамлекеттин коргоосуна алуу маселесин ыкчам чечүүгө тийишпиз. Бул туризмди өнүктүрүү менен дагы байланыштуу. Түркиянын Стамбул шаары тарыхый имараттарын сактоо жана натыйжалуу пайдалануу менен дүйнөдөгү туристтердин агымы эң көп келген шаарга айланды. Биз дагы Караколдогу тарыхый имараттарды сактап калсак, туристтердин кызыгуусун арттырган шаар болот”, – деди депутат. 

Ошондой эле ал Караколдо атайын уюштурулган шарттардын жоктугунан туристтердин бир бөлүгү көл жээгине чатыр тигип алып эс алууга аргасыз болушарын белгиледи. 

“Инфраструктуранын: электр энергиянын, таштанды чогултуу системасынын, таза суу жана санитардык түйүндөрдүн жоктугунан экологиялык көйгөй жаралууда. Тактап айтканда, айлана-чөйрө булганып, жээк аймактары бузулуп жатат. Ошондуктан Ысык-Көлгө заманбап кемпингдерин түзүүнү сунуштайм”, – деди Болот Сагынаев.