Кыргызстан Астанада өткөн Нооруз майрамына катышты
25 март

Кыргызстан Астанада өткөн Нооруз майрамына катышты

Казакстандын борборундагы Сүйүшкөндөр Сейил багында (Гашыктар сейил багы) 22-мартта Нооруз майрамына карата масштабдуу салтанаттар болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты. 

Иш-чарага Астананын “Нура” районунун акими Ришат Турдыбековдун чакыруусу менен Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги активдүү катышты.

Кыргыз тарап орноткон боз үйдө коноктор Кыргызстандын бай маданий жана тарыхый мурастары менен таанышып, "Алайку" компаниясы тарабынан даярдалган улуттук тамак-аш жана ичимдиктерди татышты. Мындан тышкары, элдик кол өнөрчүлүктөрдүн көргөзмөсү жана салттуу кийимдерди тигүү боюнча мастер-класстар уюштурулду. Бардык каалоочуларга Кыргызстан тууралуу туристтик брошюралар менен таанышуу сунушталды.

Кыргыз элинин тарыхый мурастарына өзгөчө көңүл бурулду. Кыргызстандан келген диаспора өкүлдөрүнө жана студенттерге Кыргыз Республикасынын түптөөчүлөрү тууралуу айтып берилди. Ошондой эле азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүн өнүктүрүүнүн концептуалдык негизи болгон “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу сунушталды.

Элчи Дастан Дүйшекеев “Нура” районунун акими Р.Турдыбеков, дипломатиялык корпустун жана ЖМК өкүлдөрү менен болгон баарлашууда Кыргызстанда Нооруз майрамын белгилөөнүн маданий салттары, ошондой эле өлкөнүн акыркы жылдардагы социалдык-экономикалык тармагындагы негизги жетишкендиктери тууралуу айтып берди.