Кыргызстандык артисттер Берлинде «Уя» спектаклин тартуулашты
Үстүбүздөгү жылдын 4-13-апрелинде Берлин шаарында Шаубюне («Schaubühne») театрында жыл сайын өтүүчү «Find» Эл аралык жаңы драма фестивалы өтүп, ага башка өлкөлөр менен катар «705» театралдык тобунун өкүлдөрү режиссер Чагалдак Замирбековдун «Уя» спектакли менен катышты.
Фестивалда Франция, Бельгия, Ирландия, Испания жана АКШдан келген театр топторунун спектаклдери көрсөтүлдү. Бул заманбап театр фестивалына Кыргызстан биринчи жолу катышты.
Фестиваль Берлинде 2000-жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келет жана дүйнөгө белгилүү жана мурда белгисиз театр артисттерине өз иштерин Шаубюнеде көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн тартуулайт.
Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы элчиси Өмүрбек Текебаев “Уя” спектаклине барып, фестивалдын уюштуруучулары менен “Find” фестивалына Кыргызстандан өкүлдөрдүн катышуусун, ошондой эле театр тармагындагы кызматташууну талкуулады. Кыргызстандын катышуучулары Берлиндеги Кыргыз Республикасынын Элчилигинде да болушту.
