Бишкекте драматург Мар Байжиевди эскерүү иш-чарасы өттү
Бишкекте 23-мартта Кыргыз эл жазуучусу, III даражадагы «Манас» жана "Данакер" ордендеринин ээси, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген ишмери, Кыргызстан улуттук кино академиясынын мүчөсү, драматург Мар Байжиевди эскерүү иш-чарасы өттү. Бул тууралуу Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык театрынан кабарлашты.
Эскерүү иш-чарасы Мар Байжиевдин өмүрү, чыгармачылыгы жөнүндө кыскача фильм көрсөтүү менен башталды. Анндан соң келген конокторго жазуучунун калемине таандык "Кыз күйөө" спектакли тартууланды.
Иш-чарага маданият өкүлдөрү, коомдук ишмерлер жана жазуучунун жакындары катышты.
Эске сала кетсек, Мар Байжиев 2021-жылдын 29-октябрында 86 жаш курагында дүйнө салган.
М.Байжиев 1935-жылдын 23-мартында Жалал-Абад облусунда туулган. Ал коомчулукка драматург, прозаик, журналист, жазуучу, адабиятчы, котормочу, кино жана театр режиссёру катары белгилүү.
Драматург Мар Байжиев Москва, Ленинград шаарларынын, Германия, Польша, Чехословакия, Румыния, Австрия, Венгрия, Финляндия, Швеция, Канада, Монголия мамлекеттеринин театр сахналарында ийгиликтүү коюлган жана Россия, Латвия, Литва, Эстония, Грузия, Азербайжан, Украина, Молдавия, Өзбекстан, Казакстан театрларынын репертуарларына кирген бир катар белгилүү пьесаларды жараткан. Алар «Балдар бойго жеткенде», «Эрөөл», «Эр намысы», «Ар бир үйдө майрам», «Кыз-күйөө», «Алтынчы күнү кечинде», «Узак сапардагы поезд», «Он экинчи күн», «Төрт адам» пьесалары. Алардын ичинен көптөгөн чет тилдерге которулуп, СССР мамлекеттеринде коюлган «Эрөөл» пьесасы өзгөчө ийгиликке ээ болгон. Анын сюжетинин негизинде эки опера коюлуп, «Өзбекфильм» студиясында «Нөшөр» тасмасы тартылган (1979-ж.). «Кожожаш» эпосунун мотиви боюнча «Байыркы жомок» драмасы жазылып, анын сценарийинин негизинде улуттук «Кыргызфильм» киностудиясында «Ак илбирстин тукуму» фильми тартылган.
Мындан сырткары Байжиевдин чыгармалары «Өзбекфильм» студиясында «Бөтөн бакыт», «Нөшөр», «Казактелефильм» студиясында «Жаңы жыл алдындагы түн» аттуу толук метраждуу көркөм фильмдер тартылып, көрүүчүлөрдүн арзуусуна татыган.
Мар Байжиев кыргыз киносунун башатында туруп, анын сценарийлери менен тартылган фильмдер дүйнөлүк жана Орто Азия кинофестивалдарынын жогорку дипломдоруна ээ болгон. Алар «Ак илбирстин тукуму» («Кыргызфильм»), «Чочун бакыт» («Өзбекфильм»), «Нөшөр» («Өзбекфильм»), «Нокдаун» («Кыргызфильм»), «Жиндилер поезди» («Кыргызфильм»), «Окуя» («Кыргызфильм»), «Алтын күз» («Кыргызфильм»), «Жаңы жыл түнү» («Казакфильм), «Эргулдар» (ЦТ «Москва»). «Окуя» жана «Жиндилер поезди» фильмдерин өзү режиссерлук кылып, экранга алып чыккан.
Мар Байжиев «Манас» эпосун изилдөөгө жана пропагандалоого зор салымын кошкон. Ал «Манас» эпосу жөнүндө биринчи даректүү тасманын автору, Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында «Манас» эпосуна жана кичи кыргыз эпосторуна арналган сүрөт галереяларын уюштурган, репрессияга учураган манас таануучулардын атындагы сыйлыктарды уюштурган, «Манас» эпосунун орус жана англис тилдериндеги үч томдук энциклопедиясын чыгарган. 2008-жылы Мар Байжиев Сагымбай Орозбаковдун жана Саякбай Каралаевдин жана башка манасчылардын варианттары боюнча «Манас» эпосун кыргыз тилинен орус тилине көркөм которууну ишке ашырган.
Мар Байжиев котормочу катары «Манас» эпосун кыргыз тилинен орус тилине, Д. Фурмандын чыгармаларын, А.Чеховдун, Ж.Коктонун пьесаларын кыргыз тилине которуп, ал эми режиссер катары өзүнүн котормосундагы В.Шекспирдин «Антоний жана Клеопатра» трагедиясын кыргыз театр сахнасында сахналаштырган.
Кыргыз элинин руханий дүйнөсүнүн негизи болгон элдик оозеки чыгармачылыкты изилдеп, сахналаштырып, чет элге жайылтууда, кыргыз элинин бай маданиятын түрдүү жанрда, ракурста даңазалоодогу эбегейсиз эмгеги үчүн Мар Ташимович Байжиев III даражадагы «Манас» жана «Данакер» ордендери менен сыйланган.
