Баткенде кыргыз-өзбек-тажик элдеринин катышуусунда эл аралык ыр фестивалы өтөт 
15 апрель

Баткенде кыргыз-өзбек-тажик элдеринин катышуусунда эл аралык ыр фестивалы өтөт 

КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов Өзбекстандын Ош шаарындагы башкы консулу Зафарбек Ахмедов менен жолукту. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты.

Тараптар Баткен облусу менен Өзбекстандын жакынкы облустарынын ортосунда кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты.

Анын ичинде соода-экономикалык алакаларды кеңейтүү, туризмди өнүктүрүү, кошуна элдердин ынтымагын бекемдөө боюнча пикир алышышты.

Жыйынтыгында жакынкы убактарга пландалган кыргыз-өзбек-тажик элдеринин катышуусундагы эл аралык ыр фестивалын Баткен шаарында уюштуруу, маданий гуманитардык байланыштарды чыңдоо боюнча сүйлөшүштү.

Ошондой эле кошуна элдин карым катнашын бекемдөө жана туризмди өнүктүрүү үчүн Өзбекстандын жакынкы облустары менен Баткен облусунун ортосунда маршруттук каттамдарды уюштуруу маселесин ортого салышты.

Ал эми жергиликтүү өндүрүштү өнүктүрүү үчүн ишкерлер ортосунда байма-бай жарманкелерди өткөрүү зарылчылыгын белгилешти.

Айбек Шаменов менен Зафарбек Ахмедов Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери Садыр Жапаров жана Шавкат Мирзиёевдин буга чейинки эки тараптуу кызматташтыкты жогорку деңгээлге алып чыгуу боюнча кол койгон документтерине ылайык, бардык багыттарда зор мүмкүнчүлүктөрдү белгилеп, ар тараптуу кызматташуунун өнүгүүсүнө ынтызарлыгын жана ишенимин билдиришти.