Бишкекте дүйнөгө белгилүү ырчы Шакиранын концерти өтөт
Сүрөт ачык булактардан алынды
29 сентябрь

Бишкекте дүйнөгө белгилүү ырчы Шакиранын концерти өтөт

2026-жылдын 18-октябрында Бишкекте дүйнөгө белгилүү ырчы Шакиранын концерти өтөт. Концерт Bishkek Arena стадионунда уюштурулуп, ырчынын Борбор Азиядагы алгачкы концерти болот.

Бишкек Шакиранын Las Mujeres Ya No Lloran World Tour дүйнөлүк концерттик туру өтө турган шаарлардын тизмесине кирди.

Концерт саат 19:00дө башталат. Программада ырчынын ар кайсы жылдардагы белгилүү Hips Don't Lie, Whenever, Wherever, Waka Waka, She Wolf чыгармалары, ошондой эле жаңы альбомундагы ырлар камтылган.

Сахна Bishkek Arenaнын чыгыш трибунасынын алдына жайгаштырылат. Сахнанын артындагы трибуналар жабык болот.

Билеттерди сатуу 1-октябрда саат 09:00дө Бишкек убактысы боюнча Gov.Ticket платформасында башталат. Билеттердин баасы 12 миң сомдон жогору болот.

Стадионго кирүү QR-билет аркылуу жүргүзүлөт. Жаш курак боюнча чектөө — 7 жаштан жогору.