Ош шаарында жаш комузчулардын кароо сынагы башталды
Бүгүн, Ош шаарындагы Т.Сатылганов атындагы эс алуу багында алгачкы жолу «Ош Нуру» I Республикалык комуз боюнча жаш аткаруучулардын кароо сынагы башталды.
Сынактын ачылыш аземине Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, шаардык маданият башкармалыгынын жетекчиси Элдияр Кадыркулов катышып, катышуучуларга чыгармачылык ийгиликтерди каалашты.
Маданий иш-чарага Кыргыз Республикасынын бардык облустарынан, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларынан 300гө жакын жаш комузчулары катышып, биргеликте А.Огонбаевдин “Маш ботой” күүсүн аткарышты. Андан соң таланттуу жаштар жөө жүрүшкө чыгышып, П.И.Чайковский атындагы искусство мектебине чейин барышты.
Белгилей кетсек, сынак 5-апрелген чейин уланып, жабылышы Бабур атындагы театрдын алдында саат 14:00дө өтөт.
