Ошто Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата Алтай таланттарынын концерти тартууланды
Оштогу Бабур атындагы театрда бүгүн Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата Россия Федерациясынын Алтай крайынын Г.Н.Полевов атындагы “Огоньки” орус бий ансамблинин жана Алтай крайынын мамлекеттик филармониясынын "Вечерки" элдик ыр ансамблинин “Бүт элдер, Бүт аалам, Бүт жер жүзү” аталышындагы концерт болуп өттү.
Концерттик программанын алкагында Кыргыз Республикасынын чыгармачыл жамааттары жана Ингушетия Республикасынын эмгек сиңирген артисти Р. Буханцев да өз өнөрлөрүн тартуулашты.
Иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Салтанат Аманова, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Талантбек Арстанкулов, Россия Федерациясынын Алтай крайынын Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Александр Лукьянов жана Оштогу Орус үйүнүн жетекчиси Дмитрий Авраам катышып, өнөр ээлерине эл аралык маданий кызматташууну өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.
Мындан сырткары, Россия Федерациясынан келген коноктордун катышуусунда "Өчпөс от" мемориалдык комплексинде Улуу Согушта курман болгон жоокерлерди эскерүү иш-чарасы өтүп, гүл коюлду.
