Бишкекте «Ала-Тоо жазы» жаштар кароо-сынак фестивалы өтөт
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан 2025-жылдын 14-апрелинде саат 12:00дө Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында «Ала-Тоо жазы» жаштар кароо-сынак фестивалы өткөрүлөт.
Бул фестиваль алгачкы жолу 1966-жылы өткөрүлүп, Кыргызстандагы музыкалык маданияттын ажырагыс салтына айланган.
Ушул жылы фестиваль заманбап форматта кайра жанданып, жаштардын чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө жана улуттук маданий мурасты сактап-жайылтууга багытталган.
Фестивалга өлкөнүн 24 жогорку окуу жайынан жалпы 104 команда катышат. Иш-чаранын жүрүшүндө жаштар ар кыл жанрлардагы чыгармачылык көрсөтүүлөрү менен көпчүлүктүн көңүлүн бурат.
