Жалал-Абадда Нооруз майрамы салтанаттуу белгиленди
21 март

Жалал-Абадда Нооруз майрамы салтанаттуу белгиленди

Жалал-Абадда Нооруз майрамы салтанаттуу белгиленди, деп билдирет президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы. 

Иш-чара Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтында өтүп, ага облус башчысы Тилек Текебаев, Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Маткеримов, шаар мэри Эрнисбек Ормоков, мекеме-ишкана жамааттары жана калаа тургундары катышты.

Майрамдык саамалыктын жүрүшү концерттик программа, театрлаштырылган көрүнүш тартууланып, курулуш компаниялардын, сүрөтчүлөрүн эмгектери, жергиликтүү ишкерлердин продукциялары коюлган жарманке менен коштолду.