Азиз Садырбеков «Кыргыз Маданият Сервис» ишканасынын директору болуп дайындалды
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу «Кыргыз Маданият Сервис» мамлекеттик ишканасынын директору болуп Азиз Садырбеков дайындалды.
Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, жаңы дайындалган директорду эмгек жамаатка маданият министри Мирбек Мамбеталиев тааныштырды.
Азиз Садырбеков буга чейин президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жетекчиси болуп иштеген.
Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу адистиги боюнча 2002-жылы бүтүргөн.
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын менеджмент багыты боюнча магистратураны 2013-жылы аяктаган.
