Бишкекте Элдар Айтматовдун «Эс тутум изи» аттуу жеке көргөзмөсү ачылат
Ушул жылдын 6-мартында Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде сүрөтчү Элдар Айтматовдун «Эс тутум изи» аттуу жеке көргөзмөсү ачылат. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.
Экспозиция автордун соңку жылдардагы чыгармаларын камтып, эстутум, сезим жана ички изденүү темаларын абстракттуу живопись аркылуу чагылдырат.
Брюсселдеги Королдук көркөм сүрөт академиясынын бүтүрүүчүсү болгон сүрөтчү европалык көркөм мектеп менен жеке медитативдүү стилин айкалыштырат. Ал залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун уулу жана Чыңгыз Айтматов атындагы Эл аралык фонддун президенти.
Көргөзмө искусство сүйүүчүлөрдү заманбап живопистин терең философиялык дүйнөсү менен таанышууга чакырат.
