Мэрия шаар тургундарын жана конокторун Бишкек Дельфи-2025 оюндарына чакырат
24 апрель

Мэрия шаар тургундарын жана конокторун Бишкек Дельфи-2025 оюндарына чакырат

2025-жылдын 26-29-апрель күндөрү жаш таланттар ар кандай номинациялар боюнча өз өнөрлөрүн тартуулашат. Ар бириңиздердин катышуучулардын талантына күбө болуп, колдоо көрсөтүүгө мүмкүнчүлүгүңүздөр бар.

Сынактар өтө турган мекемелердин даректери жана номинациялар:

П.Ф.Шубин атындагы Борбордук балдар музыкалык мектеби (Москва көчөсү, 101):

  • классикалык гитара (кичи зал) – 27-апрель саат 09:00дөн 19:00гө чейин, 28-апрель саат 09:00дөн 17:00гө чейин;
  • элдик ыр (чоң зал) – 27-апрель саат 09:00дөн 17:00гө чейин, 28-апрель саат 10:00дөн 17:00гө чейин.

А. Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы (Ж. Абдрахманов көчөсү, 208):

  • сүрөт искусствосу (1 жана 2-кабаттын фойеси) – 27-апрель саат 09:00дөн 19:00гө чейин, 28-апрель саат 09:00дөн 18:00гө чейин.
  • көркөм окуу – 27-апрель саат 09:00дөн 17:30га чейин, 28-апрель саат 10:00дөн 17:00гө чейин.
  • мобилография – 27-апрель саат 09:00дөн 19:00гө чейин, 28-апрель саат 09:00дөн 17:00гө чейин.
  • тележурналистика – 27-апрель саат 09:00дөн 19:00гө чейин, 28-апрель саат 09:00дөн 17:00гө чейин.
  • элдик кыл аспаптар – 27-апрель саат 09:00дөн 20:00гө чейин, 28-апрель саат 09:00дөн 19:00гө чейин.
  • элдик үйлөмө аспаптар – 27-апрель саат 09:00дөн 16:00гө чейин, 28-апрель саат 09:30дан 18:00гө чейин.
  • көркөм кол өнөрчүлүк – 27-апрель саат 09:00дөн 19:00гө чейин, 28-апрель саат 09:00дөн 18:00гө чейин.

Ч. Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайы (Москва көчөсү, 123/1):

  • классикалык бий – 27-апрель саат 10:00дөн 19:00гө чейин, 28-апрель саат 10:00дөн 17:00гө чейин.

«Сейтек» балдар жана өспүрүмдөр Улуттук борбору (Абдумомунов көчөсү, 197):

  • эстрадалык ырдоо – 27 – апрелде саат 09:00дөн 19:00гө чейин, 28-апрелде саат 10:00дөн 17:30га чейин.
  • сүрөт-27-апрелде саат 09:00дөн 18:00гө чейин.

«Таберик» балдар музыкалык театры (концерттик зал) (Байтик Баатыр көч., 17):

  • хореографиялык искусство – 27-апрелде саат 10:00дөн 16:00гө чейин, 28-апрелде саат 10: 00дөн 17:00гө чейин.

Белгилей кетсек, иш-чараларга кирүү акысыз.