Быйыл Жалал-Абадда Улуу Жеңиштин 80 жылдык майрамы Базар-Коргон районунда өтөт
Быйыл Жалал-Абадда Улуу Жеңиштин 80 жылдык майрамына арналган салтанаттуу иш-чара Базар-Коргон районунда белгиленет. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бул багытта тиешелүү даярдыктарды көрүү боюнча президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Урматбек Самаев аталган районго барып, иш-чара өтүүчү аянтты көрүп чыкты.
Өкүлдүн орун басары тийиштүү облустук жетекчилерге, район акими Талантбек Эдилов жана шаар мэри Нурмухамед Мамбеталиевге борбордук аянтты иретке келтирүү, тазалыгын камсыздоо жана коопсуздук чараларын көрүү тапшырмаларын берди.
