Париждеги ЮНЕСКОнун штаб-квартирасында Нооруз майрамы салтанаттуу белгиленди
Париждеги ЮНЕСКОнун штаб-квартирасында Эл аралык Нооруз күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты.
Маалыматка ылайык, иш-чарага ЮНЕСКОнун Башкы директору Одри Азуле, дипломатиялык миссиялардын жетекчилери, ЮНЕСКОнун Катчылыгынын кызматкерлери жана Франциядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү катышты.
Кыргызстандын ЮНЕСКОдогу Туруктуу өкүлү, Элчи Садык Шер-Нияз конокторго кайрылып, Кыргызстан, Афганистан, Азербайжан, Индия, Ирак, Иран, Казакстан, Монголия, Пакистан, Тажикстан, Түркия, Түркмөнстан жана Өзбекстандын атынан куттуктоо сөзүн сүйлөдү.
Ал өз сөзүндө Нооруз көптөгөн элдердин маданий мурасынын ажырагыс бөлүгү экенин белгилеп, бул майрам өз ара жардамдашуу, тынчтык жана салттарды урматтоо сыяктуу жалпы баалуулуктарды чагылдырарын баса белгиледи.
Ошондой эле, дүйнө бүгүнкү глобалдык чакырыктарга туш келип жаткандыктан, биримдик жана тыгыз кызматташтык өзгөчө маанилүү экенин билдирди.
ЮНЕСКОнун Башкы директору О.Азуле иш-чаранын катышуучуларын майрам менен куттуктап, Нооруз жаңылануунун, үмүттүн, жаратылыштын жанданышынын жана жакындары менен жолугушуунун символу экенин белгиледи.
Ал эми дүйнө кыйынчылыктарды башынан кечирип жаткан учурда бул баалуулуктардын мааниси ого бетер жогорулайт деп баса белгиледи.
ЮНЕСКОдогу Кыргызстандын Туруктуу өкүлчүлүгү жана кыргыз диаспорасынын колдоосу менен улуттук тамак-аштардын жана кондитердик азыктардын дегустациясы уюштурулду. Башкы директор О.Азуле Кыргызстандын майрамдык дасторкону менен таанышып, кыргыздын улуттук тамактарын жогору баалады.
Андан тышкары, конокторго улуттук кийимдер, музыкалык аспаптар, зер буюмдары, ошондой эле Кыргызстандын тарыхы жана маданияты тууралуу китептер жана брошюралар коюлган стенддер тартууланды.
Маалымат үчүн: Нооруз майрамы 2009-жылы ЮНЕСКОнун Адамзаттын материалдык эмес маданий мурасынын өкүлчүлүк тизмесине киргизилген.
