Жалал-Абадда кыргыз-өзбек достугун бекемдеген маданий иш-чара өттү
11 апрель

Жалал-Абадда кыргыз-өзбек достугун бекемдеген маданий иш-чара өттү

Жалал-Абад облустук Барпы атындагы кыргыз драма театрында Өзбекстандан келген “Ватандошлар” коомдук фонду менен биргеликте уюштурулган маданий иш-чара өттү. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн кабарлашты.

Иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Урматбек Самаев, Өзбекстандын Ош шаарындагы башкы консулу Зафарбек Ахмедов баштаган коомдук фонддун өкүлдөрү, маданият тармагынын жана жергиликтүү бийлик кызматкерлери катышты.

Облус башчысынын орун басары Урматбек Самаев, эки элдин өнүгүп келе жаткан ар тараптуу достук байланыштарын белгилеп, аларды мындан ары тереңдетүү жана кеңейтүү жаатында социалдык чөйрөнүн, өнөр адамдарынын орду чоң экенин кошумчалады.

Салтанаттуу иш-чарада кыргыз-өзбек элдеринин улуттук ыр-күүлөрү тартууланды.