Минкаб башчысы: Беш жыл аралыгында Кыргызстаныбыз өзгөрүп, жаңыланды
Министрлер кабинети
2 сентябрь

Минкаб башчысы: Беш жыл аралыгында Кыргызстаныбыз өзгөрүп, жаңыланды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосунда уюштурулган «Көчмөндөр ааламы: Жандуу мурас» аттуу этно-шаарчанын ачылыш аземине катышты.

Иш-чара башталганга чейин Касымалиев президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү тарабынан атайын орнотулган боз үйлөрдүн комплекстерин көрүп чыкты.

Этно-шаарчанын ачылыш аземинде сөз сүйлөп жатып, ал Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын өзгөчөлүктөрүн белгиледи. 

“31-августта, өлкөбүз Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгын белгилеген тарыхый күнү, Президентибиз Садыр Нургожоевичтин, мамлекет жана өкмөт башчыларынын, жогорку даражалуу делегациялардын катышуусунда Алтынчы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына старт берилди. Оюндардын салтанаттуу ачылышы 51 миң орундуу жаңы «Бишкек Арена» стадионунда өттү. Муну сыймыктануу менен айтабыз – дүйнө жаңы Кыргызстандын демин сезди! Кыргыздын байыркы тарыхы менен заманбап технология айкалышкан салтанат бүгүнкү Кыргызстандын өсүп жаткан мүмкүнчүлүгүн жана чоң максаттарын көрсөттү.  Алтынчы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын негизги иш-чаралары касиеттүү Ысык-Көлдө сегиз жерде уланууда. Беш жыл аралыгында Кыргызстаныбыз өзгөрүп, жаңыланды. Президентибиздин жетекчилиги астында биз жаңы Кыргызстанды куруп, ата-бабаларыбыздын улуу мурасына таянуу менен жаңы доорго ишенимдүү кадам таштап жатабыз.

Ири стратегиялык долбоорлор ишке ашып, Ынтымак Ордо, Ырыс Ордо, чоң стадион сыяктуу жаңы доордун символдору салынды. Бүгүн Кырчындын төрүндө көчмөн цивилизациясынын тарыхын, маданиятын, наркын жана өнөрүн бириктирген «Көчмөндөр ааламы» этно-шаарчасы салынып, жолу жаңыланды. Бул иштер бир күндүк иш-чара үчүн эмес – жаңы жолдор туризмге, шаарча бабалар мурасын таанытууга кызмат кылат”, - деди Адылбек Касымалиев.

Министрлер кабинетинин төрагасы этно-шаарчада уникалдуу маданий мейкиндик түзүлгөнүн белгиледи.

“Кырчындын укмуштуудай кенен мейкиндигине көз чаптырганда, биз ата-бабаларыбыздын дүйнөсүнө саякаттагандай болобуз. Бул жерде кыргыз боз үйлөрү катар-катар тигилген. Улуттук кийимдер, элдик кол өнөрчүлүк, салттуу оюндар, каада-салттар, ыр-күүлөр — кылымдар бою бизге мурас болуп жеткен бул дүйнө бүгүн бул жерде бирдиктүү бүтүндүк катары чагылдырылууда. «Көчмөндөр ааламы: жандуу мурас» деген аталыштын өзүндө терең маани жатат. Биз бабалар мурасын музейдин айнегинин артында гана сактабай, элдин жашоосуна алып чыгып жатабыз. Боз үйдү бүгүн да тигебиз – бул жандуу мурас. Комузду бүгүн да чертебиз – бул жандуу мурас. Кийиз басып, шырдак шырып, темир согуп, ат жабдыгын жасап келебиз – бул жандуу мурас. Ата өнөрү балага, эне өнөрү кызга өтүп жатат”, - деди ал.

Адылбек Касымалиев сөзүнүн аягында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эң чоң жеңиши ата-бабалардын бай мурасын сактап калуу жана аны келечек муундарга аяр мамиле менен өткөрүп берүү уланарына ишенерин билдирди.