Кыргызстан менен Россия Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына даярдык көрүүнү талкуулашты
КР маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев Москвага болгон иш сапарынын алкагында Россиянын маданият министринин орун басары Андрей Малышев менен жолукту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар маданият жана искусство жаатындагы эки тараптуу кызматташуунун келечектүү багыттарын талкуулашты.
Өзгөчө чыгармачыл ЖОЖдордун окутуучуларынын квалификациясын жогорулатуу, билим берүү программаларын уюштуруу жана окутуучулар менен студенттерди тажрыйба алмашуу маселелерине көңүл бурулду.
Ошондой эле Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы маданий өз ара байланышты чыңдоого багытталган биргелешкен долбоорлор жана иш-чаралар каралды. Негизги темалардын катарында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына даярдык көрүү, тарыхый эстутумду сактоо жана баатырлардын эрдигин түбөлүккө калтыруу максатында эскерүү иш – чараларын, көргөзмөлөрдү жана чыгармачыл акцияларды өткөрүү бар.
Жолугушуу конструктивдүү жана жылуу маанайда өттү. Тараптар өнөктөштүктү мындан ары да өнүктүрүүгө, билим берүү жана маданий алакаларды кеңейтүүгө, эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы эзелтен бери келе жаткан байланыштарды чыңдоого жардам бере турган жаңы демилгелерди ишке ашырууга даяр экендиктерин билдиришти.
