Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары. Кырчын жайлоосунда ири этнобазар жана көчмөндөр ашканасы курулду
21 август

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары. Кырчын жайлоосунда ири этнобазар жана көчмөндөр ашканасы курулду

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын өткөрүлүшүнө саналуу күндөр калды. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасынын координатору Гүлбара Абдыкалыкова “Биринчи радионун” эфиринде билдиргендей, бул масштабдуу иш-чарада 7 локация бар. Анын бирөөсү Бишкекте – жаңы курулуп жаткан “Достук Арена” стадионунда ачылыш аземи болот. Калган алтоосу Ысык-Көлдө.

“Учурда Кырчын жайлоосундагы курулуш иштери дээрлик бүттү. 26-августтан баштар ордолорду орнотуу иштери башталат. Бишкекте өтүүчү ачылыш аземине билеттер сатылып бүттү, ал эми калган спорттук, маданий иш-чаралардын баары Ысык-Көлдө өтөт”, – деди ал.

Ал иш-чара кандай болоорун, дүйнөгө таанымал кайсы өнөрпоздор келээрин ачык айткан жок.

“Негизи мындай масштабдуу иш-чара алдын ала айтылбайт. Аны көрүүчү өз көзү менен гана көрүшү керек. Жабылыш аземине токтолсом, Чолпон-Атадагы ат майданында болот. Көчмөндөр оюндарынын символу – суу, анткени көчмөндөргө суу маанилүү, алар суу бойлоп көчүп-конушкан. Ошондуктан оюндардын концепциясы суу менен байланыштуу. Театралдаштырылган оюн-зооктор болот, өзүбүздүн өнөрпоздор жана чет өлкөлүк атактуу ырчылар келет. Буга чейин биздин эл көрбөгөн нерселер колдонулат”, – деди ал.

Айтымында, Кырчын жайлоосундагы курулуштар жер катмарын бузбаган жеңил курулмалар, бирок аларды оюндар аяктагандан кийин да бир нече жыл колдонууга болот. Бул жайлоого туристтер тарабынан дайыма кызыгуу болуп келгендиктен, туруктуурак инфраструктуралык шарттарды түзүү пландалган. Демек, мындан кийин да аталган жайлоо туристтик максатта колдонулат.

Гүлбара Абдыкалыкова белгилегендей, Кырчында негизинен эки чоң курулуш курулду: эл аралык этно базар – 46 өлкөдөн коноктор, нукура кол өнөрчүлөр келип, эмгектерин сатыкка чыгарышат.

Экинчиси, көчмөндөр ашканасы – дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген ашпозчулардын сынагы болот.

“Калган жерлерде 7 облустун жана Бишкек менен Ош шаарынын ордолору орун алат. Бир ордодо 15 боз үй болот. Андан сырткары маданиятты таанытуу жаатында иш алып барган коомдук бирикмелерге да өздөрүнүн ордосун тигүүгө мүмкүнчүлүк бердик”, – деди ал.