Ырчы Шакираны «Манас» аэропортунан кимдер тосуп алды?
видеодон алынган кадр
18 октябрь

Ырчы Шакираны «Манас» аэропортунан кимдер тосуп алды?

Дүйнөгө белгилүү ырчы Шакира 18-октябрга караган түнү Las Mujeres Ya No Lloran World Tour дүйнөлүк турнесинин алкагында Кыргызстанга келди.

«Манас» эл аралык аэропортунан ырчыны Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков жана Президенттин Иш башкармалыгынын биринчи орун басары Бообек Салимжанов тосуп алышты.

Бүгүн, 18-октябрда, саат 19:00дө Бишкек Арена стадионунда Шакиранын концерти өтөт.

Көрүүчүлөр ырчынын дүйнөгө белгилүү Hips Don’t Lie, Waka Waka, Whenever, Wherever жана башка чыгармаларын жандуу аткарууда угушат.