Ысык-Көл облустук театры Бишкекке гастроль менен келет
10 апрель

Ысык-Көл облустук театры Бишкекке гастроль менен келет

Бишкекте 11-12-13-апрель күндөрү Ысык-Көл облустук Касымалы Жантөшев атындагы музыкалык драма театрынын гастролдору өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлайт.

Театр өткөн жылы алты эл аралык театралдык фестивалга катышып, бардыгында Гран-приге ээ болгон эки спектаклди тартуулайт: "Күн кармаган бала" жана "Ак кеме".

Ошондой эле Жан-Батист Мольердин чыгармасынын негизинде коюлган "Сараң" (Скупой) аттуу премьералык спектакль көрсөтүлөт. Режиссёру Уланмырза Карыпбаев.

Спектаклдердин графиги:

• 11-апрель: "Сараң";

• 12-апрель: "Күн кармаган бала";

• 13-апрель: "Ак кеме".

Гастролдор Бишкек шаарынын “Сейтек” балдар жана өспүрүмдөр улуттук борборунда өтөт. Башталышы саат 19:00.