Шакиранын Бишкектеги концертине 33 өлкөдөн күйөрмандар келет
сүрөт жасалма интеллекттин жардамы менен жасалды
17 октябрь

Шакиранын Бишкектеги концертине 33 өлкөдөн күйөрмандар келет

18-октябрда Бишкекте өтө турган дүйнөлүк жылдыз Шакиранын концерти үчүн 33 өлкөдөн күйөрмандар келери күтүлүүдө. Бул тууралуу расмий билет оператору GovTicket маалымдады.

Маалыматка ылайык, чет өлкөлүк күйөрмандардын басымдуу бөлүгү Казакстандан келет. Андан кийинки орундарда Россия жана Өзбекстан турат.

Ошондой эле концертке АКШ, Улуу Британия, Франция, Германия, Түркия, Бириккен Араб Эмираттары, Түштүк Корея, Кытай, Сауд Арабиясы жана башка өлкөлөрдөн коноктор келүүнү пландап жатышат.

Билет сатуунун статистикасы GovTicket операторунун маалыматтарын гана камтыйт. Билеттер башка операторлор жана өнөктөштөр аркылуу да сатылгандыктан, концертке келе турган өлкөлөрдүн жалпы саны мындан көп болушу мүмкүн.

Шакиранын концерти 18-октябрда Bishkek Arena стадионунда өтөт.