Тоо темасына арналган «Ала-Тоо – тоолор симфониясы» кыргыз маданий кечи Берлинде өткөрүлдү
2 май

Тоо темасына арналган «Ала-Тоо – тоолор симфониясы» кыргыз маданий кечи Берлинде өткөрүлдү

2025-жылдын 29-апрелинде Берлин шаарында «Ала-Тоо – тоолор симфониясы» деген темада кыргыз маданий кечеси өткөрүлдү. Иш-чарага Германиянын министрликтери менен ведомстволорунун, Берлиндеги дипломатиялык корпустун, ар кандай германиялык компаниялар менен уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаев тоо экосистемасын, айлана-чөйрөнү жана климатты коргоонун маанилүүлүгүн белгилеп, башка мамлекеттерди Кыргызстандын тоо демилгесин колдоого чакырды.

Кеченин коноктору үчүн тоо темаларына арналган сүрөт көргөзмө, ошондой эле А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын опера солисттеринен, немис музыканттарынан жана виртуоз-аккордеончу Айдар Гайнуллинден концерт тартууланды.

Мындан тышкары, дизайнерлер Жумагуль Сариева жана Назгуль Каарова тарабынан улуттук элементтерди камтыган киймдердин модасы көрсөтүлүп, көрүүчүлөрдү суктандырды.

Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчилиги, германдык өнөктөштөр жана Берлин шаарында жашаган кыргыз диаспорасынын активдүү өкүлдөрү менен биргеликте өткөрүштү.

Маалымат: 2022-жылдын декабрь айында Кыргызстандын демилгеси менен БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын резолюциясы бир добуштан кабыл алынып, тоо маселелери боюнча эл аралык кызматташтыкты чыңдоо максатында 2023-2027-жылдарды «Тоолорду өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттер» деп жарыяланды.