Баткенде мамлекеттик туу жана Ак калпак күнү белгиленди
Баткенде мамлекеттик туу жана Ак калпак күнү белгиленди. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты.
Иш-чара Баткен шаарынын көчөлөрүндө жаштардын жөө жүрүшү менен башталды. Баштарына ак калпак кийип, колдоруна туу көтөргөн жаштар майрамдын көркүн ачты.
Майрамдык салтанаттын расмий бөлүгүндө КРн президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов жалпы облус калкын бул майрамдар менен куттуктады.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда мамлекеттик туу күнү 3-мартта, ал эми Ак калпак күнү 5-мартта белгиленип келет.
