Кыргызстандык жаш театрчылар эл аралык сахнада өнөрүн тартуулашты
2026-жылдын 31-августунан 8-сентябрына чейин Россия Федерациясынын Приволжский федералдык округунун Нижний Новгород, Казань, Самара, Кострома жана Саратов шаарларында «ГИТИСФЕСТ. Театральное Приволжье 2026» эл аралык театралдык фестиваль-лабораториясы өттү.
Эл аралык иш-чарага Кыргыз Республикасынан Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдындагы Бообек Ибраев атындагы Театралдык окуу жайдын студенттери катышты. Студенттер Николай Гумилёвдун «Өзгөрүүлөр дарагы» пьесасынын негизинде даярдалган эскизди сунушташып, режиссёр-коюучу Дмитрий Пуговкин болду.
Фестивалдын алкагында Россия Федерациясы, Кыргызстан жана Кытайдан келген 200гө жакын катышуучу, анын ичинде 12 режиссёр бир аянтчада чыгармачылык тажрыйба алмашты.
Иш-чара театр искусствосун өнүктүрүүгө, эл аралык маданий кызматташтыкты кеңейтүүгө жана жаш театр ишмерлеринин чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн колдоого багытталды.
Фестивалдын «Дни русской литературы на Волге» темасындагы программасынын алкагында ГИТИСтин алдыңкы педагогдорунун мастер-класстары, чыгармачыл окуу жайлардын студенттери менен жолугушуулар, ошондой эле Приволжский федералдык округундагы беш шаардын маданий мекемелеринин ишмердүүлүгү менен таанышуу мүмкүнчүлүктөрү уюштурулду.
Кыргызстандык студенттердин фестиваль-лабораторияга катышуусу алардын чыгармачылык дараметин жогорулатууга, эл аралык тажрыйба алмашууга жана ГИТИСтин базасында практикалык билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө түздү.
Театралдык окуу жайдын студенттеринин эскизи 6-сентябрда Кострома шаарындагы Н. А. Островский атындагы Кострома мамлекеттик драма театрынын негизги сахнасында көрсөтүлдү.
