
Новосибирскиде КР Башкы консулдугунун катышуусу менен «Баарына бир Жеңиш» көргөзмөсүнүн ачылышы өттү
Новосибирск мамлекеттик облустук илимий китепканасында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугунун көмөгү менен «Баарына бир Жеңиш» аттуу көргөзмөсүнүн салтанаттуу ачылышы өттү.
Ага Россиянын Новосибирск шаарындагы Тышкы иштер министрлигинин, Новосибирск облусунун маданият министрлигинин, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү жана Сибирь федералдык округунун диаспоралык бирикмелеринин жетекчилери катышты.
Саамалыкта Башкы консул Айбек Айдарбеков Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке кыргыз элинин кошкон салымы жана мекенди, келечек муундарды коргоо үчүн бириккен совет элинин эрдиги тууралуу сөз сүйлөдү.
«Көргөзмөнүн максаты – тарыхты сактоо жана аны жаш муундарга өткөрүп берүү», – деди Айбек Айдарбеков.
Иш–чаранын алкагында Советтер Союзундагы ар улуттун баатырларынын жана арасында Дайыр Асанов, Чолпонбай Түлөбердиев, Дүйшөнкул Шопоков, Иван Панфилов, Исмаилбек Таранчиев жана Токтогон Алтыбасарова сыяктуу согуштун катышуучуларынын портреттери, окуялары чагылдырылган 30 постер тартууланды. Көргөзмөдө Новосибирск шаарындагы «АИША» кыргыздын бай мурасын жана каада-салттарын даңазалап келген борбордун колдоосу менен мекендештердин катышуусунда кыргыз тилинде аскердик жана патриоттук ырлар окулду.
«Баарына бир Жеңиш» көргөзмөсү 2025-жыл аралыгында Новосибирск облусундагы жогорку окуу жайларда өз ишин улантат.