Борбор калаада Үчүнчү Ачык Бишкек Дельфий оюндары өтөт
4 март

Борбор калаада Үчүнчү Ачык Бишкек Дельфий оюндары өтөт

Үстүбүздөгү жылдын 25–30-апрель күндөрү Бишкекте Үчүнчү Ачык Бишкек Дельфий оюндары «Дельфий Бишкек! Катыш, Сынап көр, Жеңишке жет!» ураанынын алдында өтөт. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. 

Бул чыгармачыл мелдешке Кыргызстандын 7 облусунан, Бишкек шаарынан жана чет өлкөлөрдөн келген 7 жаштан 25 жашка чейинки таланттуу балдар жана жаштар катышат.

Оюндун уюштуруучулары: Бишкек шаарынын мэриясы, Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгы жана Кыргыз Республикасынын Дельфий комитети.

Дельфий оюндары – бул искусствонун Жогорку форуму катары өнүктүрүүгө, улуттук маданияттарды сактоого жана өнүктүрүүгө, маданияттар аралык диалогду чыңдоого, КМШ өлкөлөрүнүн байланышын бекемдөөгө жана жаш маданият ишмерлеринин кесиптик өсүшүнө колдоо көрсөтүүгө багытталган.

Оюндун программасы 14 конкурс номинациясын, алар элдик, классикалык жана заманбап искусство багыттарын өзүнө камтыйт:

  • классикалык гитара,
  • классикалык бий,
  • көркөм сүрөт искусствосу,
  • эстрадалык ырдоо,
  • элдик ырдоо,
  • көркөм окуу,
  • элдик кылдуу жана урма аспаптар,
  • элдик үйлөмө аспаптар,
  • фотография,
  • мобилография,
  • тележурналистика,
  • кол өнөрчүлүк,
  • Ди-джей,
  • парадельфий номинациясы – «Хореографиялык искусство».