президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү
17 август
Ош облусунда бильярд боюнча жаштар биринчилиги өттү
Ош облусунда 16-17-август күндөрү 18 жашка чейинки өспүрүмдөр арасында бильярд боюнча биринчилик өттү. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты.
Жеңүүчүлөр:
- 1-орун Огобаев Артур, Бишкек шаары – 15 000 сом
- 2-орун – Токтосунов Азирет, Ош облусу – 10 000 сом
- 3-орун – Эсенбеков Болот, Бишкек шаары – 8 000 сом.
Мелдештин ТОП-8 финалисттеринин баары акчалай сыйлыктарга татыктуу болушту.
Ошондой эле 1-2-3-орунду ээлеген спортчулар 12-сентябрда Грузиянын Батуми шаарында өтүүчү эл аралык мелдешке катышуу укугуна ээ болушту.
