Кара-Суудагы “Манас” стадиону бир айдан кийин пайдаланууга берилет
Кара-Суу шаарындагы “Манас” стадиону бир айдан кийин толугу менен пайдаланууга берилет. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 25-июнда облус башчысы Элчибек Жантаев Кара-Суу районуна болгон иш сапарынын алкагында шаардагы стадиондун курулуш иштери менен таанышты.
Учурда эл аралык талаптарга жооп берген заманбап стадиондун курулушу 80 пайызга аяктап, негизги конструкциялар жана футбол талаасы даяр болгон.
Стадионду толук реконструкциядан өткөрүүнүн алгачкы этабында эски курулуштар алынып, гибриддик чөп төшөлүүчү оюн талаасы даярдалды, көрүүчүлөр үчүн 5000 орундуу трибуналар орнотулуп, үстү жабылат.
Мындан тышкары, стадион түнкү жарыктандыруу, заманбап жуунучу жана кийим алмаштыруучу жайлар, чуркоо тилкеси менен камсыз болот.
Облустун башчысы стадиондогу иштер менен таанышып, подрядчы уюмдарга жана жергиликтүү жетекчилерге бардык курулуш иштерин долбоорго ылайык толук бүтүрүү тапшырмасын берип, стадионду июль айынын аягына чейин толук ишке берүүнү белгиледи.
Белгилей кетсек, “Манас” стадионунун курулушуна жалпысынан 274 миллион сом каралган. Бул каражат жергиликтүү бюджеттен, Ош облусунун өнүктүрүү фондунан жана Кыргыз Республикасынын Футбол биримдиги тарабынан бөлүнгөн.
