Эрназар Акматалиев Хорватияда өтүп жаткан дүйнө чемпионатынын коло байге ээси болду
15 сентябрь

Эрназар Акматалиев Хорватияда өтүп жаткан дүйнө чемпионатынын коло байге ээси болду

70 кг чейинки салмак категориясында күч сынашкан кыргызстандык балбан 1/16 финалдык айлампада Чилиден келген Хорхе Хинриксенди 10:0 эсебинде утту. Бирок 1/4 финалга чыгуу үчүн болгон беттеште жапон балбаны Ёшиносуке Аоягиге 0:10 эсебинде утулуп калды. Аягында жапон спортчу финалга чыккандыктан, Эрназарга көңүл жубатуучу таймашта 3-орун үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Көңүл жубатуучу беттеште биздин балбан Венгриядан келген Исмаил Мусукаевди 14:4 эсебинде жеңсе, коло байге үчүн болгон таймашта Армениялык Арман Андреасянды 8:2 эсебинде утуп, дүйнө чемпионатынын коло медалына ээ болду.

Ошентип, Эрназар Акматалиев дүйнө чемпионаттарында үчүнчү медалын утту. 2021-жылы күмүш, 2022-жылы коло байге алган.