Бишкекте «Snow Leopard Run 2024» бешинчи жарым марафону өтөт
23 сентябрь

Бишкекте «Snow Leopard Run 2024» бешинчи жарым марафону өтөт

Жарышуу салт боюнча борбордук «Ала-Тоо» аянтында башталат. Маршрут Чүй проспектиси, Юсуп Абдрахманов көчөсү, ВДНХ Чыңгыз Айтматов проспектисин камтыйт. Жарым марафонго быйыл 4.5 миңдей адам катышары күтүлүүдө. Каттоо төмөнкү аралыктарга жүргүзүлөт: 5 км, 14 км, 21.1 км, ошондой эле үч жаштан он үч жашка чейинки балдар үчүн «Kulikov Kid’s Run» жарышына каттоо ачылды.

«Snow Leopard Run 2024» - бул жөн эле спорттук иш-чарадан да чоң нерсе. Бул эң сейрек кездешүүчү жана укмуштуудай жаныбарлардын бири – ак илбирсти коргоо үчүн миңдеген адамдардын күч-аракетин бириктирүүгө мүмкүнчүлүк. Жарыштын ар бир катышуучусу Кыргызстандын негизги символдорунун бирин гана эмес, жалпы экологияны сактап калууга өз салымын кошууда.

2019-жылдагы биринчи жарым марафондон кийин чогулган каражаттардын бир бөлүгү Ак илбирсти жана анын экосистемасын сактоо боюнча глобалдык программа үчүн фотокармагычтарды сатып алууга жумшалды. 2021-жылы – Ысык-Көлдүн биосфералык зонасынын егерлери жетүүгө кыйын болгон тоолуу аймактарды күзөтө алышы үчүн NIVA автоунаасы сатып алынган. 2022-жылы жарыштын катышуучуларынын салымынын аркасында Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо заманбап воркаут аянтчасы пайда болгон.

Өткөн жылы добуш берүү аркылуу жарым марафондун катышуучулары каражатты Гареев атындагы Ботаникалык бакты колдоого жумшоону чечишти. Анын кызматкерлерине 39дан ашык атайын техниканы тапшырдык. Мындай көлөмдөгү жардам Ботаникалык бакчага биринчи жолу көрсөтүлүп жатат. Мунун баары биздин катышуучулар – жөө күлүктөр жана профессионал жеңил атлеттердин аркасы менен ишке ашууда», - дейт Nomad Sport төрагасы Арслан Малдыбаев.

Кошумча маалымат үчүн телефондор: +996 554 60 07 07 жана office@nomadsport.kg почтасы аркылуу кайрылыңыздар

Snow Leopard Run 2024 программасы

29-сентябрь, 2024-жыл – Старт күнү

05:30 – Катышуучуларды чогултуу, кампаны ачуу

06:00 – Иш-чаранын ачылышы жана куттуктоо сөздөрү

06:20 – Катышуучулар үчүн брифинг

06:40 – 21.1 км жана 14 км аралыкка катышуучулар үчүн даярдануу

07:00 – 21.1 км аралыкка старт

07:05 – 14 км аралыкка старт

08:00 – 5 км аралыкка катышуучуларды чогултуу (Ормон-Хандын эстелиги, ориентир: Ак-Кеме мейманканасы)

08:40 – 5 км аралыкка катышуучулар үчүн даярдануу

09:00 – 5 км аралыкка старт

10:00 – Балдардын жарышынын брифинги. Балдар үчүн интерактив

10:40 – Балдардын жарышынын катышуучулары үчүн даярдануу

11:00 – Балдардын жарышынын башталышы

12:30 – Спорттук иш-чаранын жабылышы.

*Саат 9:30дан 12:30га чейин – Жеңүүчүлөрдү сыйлоо (жыйынтыктар даяр болору менен), ошондой эле шоу-программа жана интерактивдүү иш-чаралар өтөт.