Ысык-Көлдө шахмат боюнча өспүрүмдөр арасындагы Борбордук жана Түндүк Азия чемпионаты башталды
Ысык-Көл облусунун Корумду айылында бүгүн, 1-июлда шахмат боюнча өспүрүмдөр арасында өтүп жаткан алгачкы Борбордук жана Түндүк Азия чемпионатынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Иш-чарага Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаев катышты.
Ал өз сөзүндө Борбордук жана Түндүк Азиянын күчтүү шахматчыларын бириктирген бул чемпионат жаш спортчулар үчүн тажрыйба алмашуунун жана чеберчилигин өркүндөтүүнүн маанилүү аянтчасы экенин белгилеп, бардык катышуучуларга ийгилик, курч таймаш жана татыктуу жеңиш каалады.
Аталган чемпионатка 8 жаштан 20 жашка чейинки Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Россия , Түркмөнстан жана Тажикстандан келген 500дөн ашуун жаш шахматчылар күч сынашууда.
Алардын катарында эл аралык мастерлер (IM), FIDEнин мастерлери (FM), кыздар арасындагы FIDE мастерлери (WFM), ошондой эле дүйнө, Азия, Батыш Азия жана Борбордук Азия чемпионаттарынын 25тен ашуун жеңүүчүлөрү жана байге ээлери бар.
Мелдештер 9-июлга чейин уланат.
