Айсулуу Тыныбекова UWW спортчулар комиссиясынын мүчөсү болуп шайланды
26 сентябрь

Айсулуу Тыныбекова UWW спортчулар комиссиясынын мүчөсү болуп шайланды

Спортчу Айсулуу Тыныбекова 2025-2029-жылдарга карата Дүйнөлүк күрөш уюмунун (UWW) спортчулар комиссиясына мүчө болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Күрөш федерациясынан билдиришти.

Бул шайлоо Загребде өткөн Дүйнө чемпионатынын жүрүшүндө өтүп, дүйнөнүн ар кайсы бурчунан келген дээрлик 400 балбан добуш берди.

Комиссиянын курамына ар кыл континенттерди чагылдырган 9 спортчу кирди:

  • Арсен Жульфалакян (Аргентина)
  • Юи Сусаки (Япония)
  • Тамаш Лоринч (Венгрия)
  • Айсулуу Тыныбекова (Кыргызстан)
  • Хасан Яздани (Иран)
  • Мария Преволараки (Греция)
  • Абделлатиф Мохамед (Египет)
  • Джессика Лаверс-Макбейн (Австралия)
  • Николас де Ланге (Түштүк Африка).