Нурислам Өскөнбаев – 2025-жылдын кадеттер арасындагы дүйнө чемпионатынын коло байге ээси
Нурислам Өскөнбаев Грециянын Афина шаарында өтүп жаткан 17 жашка чейинки балбандар (U-17) арасында грек-рим күрөшү боюнча дүйнө биринчилигинде коло медаль тагынды.
80 кг салмактык категориясында күч сынашкан кыргызстандык Нурислам Өскөнбаев мелдешти мыкты баштады. Алгачкы беттешинде италиялык Коан Валентинини 10:0 эсебинде жеңип алды. 1/8 финалдык айлампада америкалык Адан Фернандести 5:1эсебинде утту. Чейрек финалда венгриялык Доминик Кертешти 4:0 далысын жерге тийгизип, жеңишке жетти.
Жарым финалда өзбекстандык Абдулазиз Холмирзаев менен болгон таймашта 4:2эсеби менен алдыда бара жатып, тилекке каршы, жеңилүүгө дуушар болду. Бирок, бул жыйынтык ага коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк берди.
Коло үчүн болгон таймашта Нурислам ирандык Таха Жавид Ноурини 3:1 эсебиндежеңип, дүйнө чемпионатынын коло медалына ээ болду.
Муну менен Нурислам кадеттер арасындагы грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль уткан алтынчы кыргызстандык балбан болуп калды. Буга чейин бул ийгиликке жетишкен балбандар: Жоломан Шаршенбеков (2016-ж.), Эрбол Бакиров (2016-ж.), Акылбек Талантбеков (2017-ж.), Нурболот Бердикулов (2021-ж.)жана Куттубек Рысматов (2023-ж.).
