КФБ FIFA Forward Awards сыйлыгына ээ болду
21 июнь

КФБ FIFA Forward Awards сыйлыгына ээ болду

 Бүгүн, 20-июнда, АКШнын Майами шаарында улуттук футбол ассоциациялардын жетекчилери үчүн ФИФА Саммити өз ишин баштады. Бул иш-чарага Кыргыз футбол биримдигинин Биринчи Вице-президенти Нурдин Букуев жана Башкы катчы Медербек Сыдыков катышууда.

Саммиттин алкагында КФБ 2024-жылдын октябрь айында аяктаган Улуттук футбол академиясын куруу долбоорунун ийгиликтүү ишке ашырылышы үчүн FIFA Forward Awards сыйлыгына ээ болду. Сыйлыкты ФИФАнын Президенти Жанни Инфантино өзү тапшырды.

FIFA Forward Awards – бул ФИФА тарабынан ишке киргизилген жаңы демилге болуп, Азиядагы улуттук ассоциациялар тарабынан FIFA Forward программасынын колдоосу менен ишке ашырылган мыкты инфратүзүм долбоорлорду таанытууга жана сыйлоого багытталган. Сыйлыктар үч категорияда ыйгарылат: алтын, күмүш жана коло. КФБ эң жогорку даражадагы – «алтын» сыйлыгына ээ болду.

Бул демилгенин максаты – футболдук инфраструктураны өнүктүрүү боюнча мыкты тажрыйбаларды жана шыктандыруучу мисалдарды баса белгилөө, ошондой эле эл аралык футболдук коомчулук ичинде тажрыйба жана билим алмашууга өбөлгө түзүү.

Бул сыйлык – Кыргыз футбол биримдигинин өлкөдөгү футбод инфратүзүмүн жакшыртуу жаатындагы тынымсыз жана максаттуу ишинин жыйынтыгы.