Өзгөн районунда жаңы спорт зал ачылды
Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Жазы айыл аймагындагы Кайрат айылында заманбап спорт залдын ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Иш-чарага облус башчысы Элчибек Жантаев катышты.
«Учурда Ош облусунда социалдык жана өндүрүштүк багыттагы жаңы объекттер ырааттуу түрдө ачылып жатат. Бүгүн Кайрат айылында заманбап спорт залдын демөөрчүлөрдүн колдоосу менен курулуп, пайдаланууга берилгени – кубанычтуу көрүнүш. Аймактагы жаштар спорт менен машыгып, ден соолугун чыңдап, туура жолду тандашат деген ишеничтебиз», – деп билдирди Жантаев.
Спорт зал жеке демөөрчүлөрдүн каржылоосу менен курулган. Жалпы сметалык баасы 5 млн 500 миң сомду түзөт. Бүгүнкү күндө бардык курулуш жана ички жасалгалоо иштери толугу менен аяктаган.
Ачылыш аземден кийин облус жетекчиси “Көк Түрк” коомдук бирикмеси тарабынан даярдалган көргөзмө менен таанышып, айылдагы чакан күрөш залын көрдү.
